www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнегедир акыркы мезгилде кыргызстандыктарга ири суммадагы акча берип, бирок кийин же акчасын кайтарып ала албай же ошол “соодасын” бүтүрө албай талаада калган чет элдик миллиардерлер көбөйүүдө. “Мегаком” компаниясын алам”-деп 1 млн. доллар берген болчумун” деген билдирүүсү менен үлкөн саясатчы Ө.Текебаевди каматып жиберген Л.Маевский аттуу россиялык ишкерден кийин дагы бир Клайв Палмер аттуу австралиялык миллиардер кыргызстандык Евгения Беденова аттуу айымга алданып кал- гандыгын айтып чыкты.

Бул кургурун да ашык-кеми жок 1 млн. доллар ак­часын жогорудагы жердешибизге алдатып жиберген имиш. Клайв Палмер - Австралиянын Улуттук либералдык партиясынын жетекчиси, тоо-кен тармагында ири бизнестери бар, эң бай адам. Палмер биздин жердешибизге мамлекетибиздеги тоо-кен тармагындагы өз кызыкчылыктарын жакшыртуу, колдон келсе жакшы ийгиликке жетиүү максатында жана Сингапурдун милилардери менен жолугушуу уюштуруусу, ортомчулугу үчүн ушул акчаны берген экен. 2011-жылы Пал­мер Беденованын жардамы менен Сингапурда издеген миллиардери ме­нен жолугушкан. Анүчүн Е.Беденовага атайы учакты 250 мин долларга жалдап да берген. Беденова Бишкекте 2 баласы менен 260 миң доллар үйдө жашайт экен. Мунун баары Палмерге тийешелуу “Queensland Nickel” компаниясынын ишин токтоткону боюнча жүрүп жаткан Австралиядагы сотто калкып чыккан. Өз убагында чөгүп кеткен “Титаниктин” туп нускасы жаратууга акчасын аябаган Палмердин эмне себептен катардагы кыргызстан­дык кызга иши түшүп калганы азырынча белгисиз.

Булак: “Майдан.кж”

Последние новости