www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусуна иш сапары менен барып, бир катар кооптуу объектилердин абалы менен таанышты.
Иш сапарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев да катышты.
Алгач Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагындагы Исмаил айылында сел өтүүчү каналдын абалы текшерилип, анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды.
Москва районундагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда ӨКМдин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчыларынын жыйынына катышкан министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Жайыл жана Панфилов райондорундагы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн иштөө шарттары текшерилип, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн Степное айылындагы Будковский суу топтоочу курулманын абалы да каралып, суунун нугунан чыгып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн жыл аягына чейин райондук бийлик менен биргеликте чараларды ишке ашыруу макулдашылды.
Мындан тышкары, Феодоровка айылындагы узундугу 1500 метр жана 700 метр болгон ачык типтеги дренаждык тутумдардын абалы текшерилди.
Аныкталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бийликке конкреттүү милдеттер коюлду.
Иш сапардын соңунда Кайыңды шаарындагы Школьная жана Пролетарская көчөлөрүндөгү, ошондой эле Панфиловка айылындагы Базарная көчөсүндөгү дренаждык тутумдардын абалы каралды.
Жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге көйгөйлөрдү тез арада чечүү, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу боюнча тапшырмалар берилди.