www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Жобонун жаңы редакциясын бекитти.
Жаңы документ укуктук базаны жаңылоого, терминологияны бирдиктүү колдонууга жана майыптыгы бар шайлоочулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү иштерин системалаштырууга багытталган.
Жобонун текстинде «майыптыгы бар жарандар» деген түшүнүк «майыптыгы бар шайлоочулар» деген терминге алмаштырылды. Ошондой эле Санарип кодекстин талаптарына ылайык, БШКнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү тартиби жаңыртылды.
Мындан тышкары, Жобонун аталышындагы «шайлоо жана референдум өткөрүүдө» деген сөздөр алынып салынды.
БШКнын маалыматына ылайык, бул өзгөртүү майыптыгы бар шайлоочулардын укуктарын коргоо, шайлоо инфраструктурасын адаптациялоо жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин шайлоо өнөктүгү маалында гана эмес, шайлоолор аралык мезгилде да үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзөт.