www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбукта Рыспайдын "Көчмөндөр оюнуна" барып, "Манас" айтканын кеп кылып, чуулдап жаткандарын чала-була көрүп, кулагым чалып: "Дагы эмне ызы-чууну башташты?" - деп, дааналап көргөндөн заарканып, көрбөй койдум элем. Баары бир чыдай алган жокмун. Көрдүм. Көрүп алып ушунчалык ызаланып олтурамын,  - деди Күмөндөр Абылов өзүнүн социалдык баракчасына. 

--Бул, эгер атайылап: "Ушундай айтасың" - деп, режиссердун даярдаганы болсо, анда бул, бүтүндөй кыргыз элин, "Манасты" маскаралагандык жана мамлекетибизге болгон чыккынчылык! Манас жөнүндө "Манастын уулу Семетей" деген Жалил Садыковдун драмасын өтө одоно бурмалап, көркөм тасма тарткандар да, ыйык туткан "Манасыбызга" шек келтиришти эле. Бул көрүнүштөр мамлекетибизге, элибизге атайын жасалган терс аракеттерби же кокустукпу? Эмнеге ошол кино менен Рыспайдын манас айтуусу үндөшүп атат? Ошол режиссёрлордун элде, "Манаста" же кыргызда эмне өчү бар? Же, болгон дараметтери ошолбу? Анда эмнеге мындай эл аралык, маанилүү иш-чаранын маданий бөлүгүн программаны башка кесипкөй режиссёрлор даярдабайт?

Ал эми Рыспайга келсек, өңгөдөн күтсөм да, мындайды: манасчы деген ыйык өнөрдүн ээси болгон Рыспайдан күткөн жок элем! Чарчап калды дейин десем, ошончо чарчап, чылгоосу чубалып, асты сууланганча аны бирөө кыйнадыбы? Деги эле, манасчылар, силерге Гиннестин китебинде эмне бар? Силер Гиннестин китебинен да чоң, "Манас ааламында" жүрөсүңөр го? Же, силер үчүн Гиннеске кирүү, Манас айтуудан да жогорубу? "Манас айтуу өнөрү", Гиннеске кирүүчү курал эмес да!?... Урматтуу Мекендештер! Муну жалпы журтчулуктун талкуусуна коюп, тийиштүү тыянак чыгаруубуз керек! - дейт Күмөндөр Абылов. 

Эске сала кетсек, 2022-жылы Түркиянын Бурса шаары "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган. Аталган шаарда 21-сентябрда башталган "Манас жумалыгы" 28-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан, Казакстан, Түркиядан 14 манасчы катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости