www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият ,маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту. Бул тууралуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Түркияда өтүп жаткан Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу талкуулашып, аны негиздөө жана уюштуруп өткөрүүдө Кыргызстандын буга чейинки тажрыйбасын белгилешти.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Багдад Амреев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамзат тарыхында бабалар мурасын жана маданиятын сактап калуу максатын көздөгөн ири долбоор экенин баса белгилеп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши ар дайым коолдоого даяр экенин билдирди.

Последние новости