www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Украинанын тездетилген процедура боюнча НАТОго кирүү арызын өз алдынча жактыра албайт, анткени бул альянстын принциптерине карама-каршы келет. Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт билдирди. 

«Албетте, Украина өзү каалаган альянсты тандоодо эркин жана өзүн эркин сезе алат. Бирок Германия альянстагы өнөктөштөрү менен кеңешпей туруп, өз алдынча тиешелүү чечим кабыл ала албайт», - деди министр.

Ал ошондой эле Киевдин НАТОго тездетилген кирүү талабы боюнча бардык талкууларды 30 мүчө мамлекет жүргүзөрүн билдирди.

Эске салсак, 30-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө НАТОго тездетилген режимде кайрыла турганын билдирген. бул тууралуу төрт аймак - ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары Орусияга киргенден кийин маалым болду. Альянстын өкүлдөрү азыр Украинаны өз курамына кабыл алуудан баш тартышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости