www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-сентябрда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Башкы катчысы Си Цзиньпин С919 ири жүргүнчү учагын иштеп чыгуучулардын жана куруучулардын эмгегин жана жетишкендиктерин жогору баалап, аларды ата мекендик авиацияны өнүктүрүүдө жаңы бийиктиктерди багынтууга чакырды. Бул туурлалуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

Кытай лидери сапатты жана коопсуздукту биринчи орунга коюп, коопсуздуктун бардык мүмкүн болгон көйгөйлөрүн жок кылуу жана негизги тармактарда технологиялык ачылыштарды жасоо үчүн мындан да көбүрөөк биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо керектигин белгиледи.

Ал реалдуу шарттарды эске алуу менен аракеттенүү менен стратегиялык көз карашка ээ болуу керектигин баса белгиледи.

C919 учагынын жаралышы Кытайга АКШ, Европа жана Орусиядан кийинки ири авиалайнерлердин дүйнөдөгү төртүнчү ири өндүрүүчүсү болууга мүмкүндүк берди. C919 алгачкы сыноо учуусун 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, 2022-жылдын сентябрь айында Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынан анын учууга жарамдуулугун тастыктаган сертификатын алган жана ушул жылдын аягында ишке кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости