www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядагы аскер комиссариаттары жарым-жартылай мобилизациядан улам ашыкча жүк болуп, кырдаалды курчутпоо үчүн күзгү чакыруунун башталышы 1-октябрдан 1-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Бул мобилизацияланган жана аскерге милдеттүүлөрдүн агымын бөлүүгө мүмкүндүк берет», - деп түшүндүрдү Песков.
Эреже боюнча, Орусияда күзгү аскерге чакыруу 1-октябрда башталат. Бирок 30-сентябрда президент Владимир Путин аскерге чакыруу 1-ноябрдан башталсын деген жарлыкка кол койгон.
Документке ылайык, күзгү өнөктүктүн алкагында 120 миң адам чакырылат. Бул былтыркы күзгө (127,5 миң) жана быйылкы жазга (134,5 миң) салыштырмалуу аз.
Быйыл күзгү чакыруу жарым-жартылай мобилизациялоонун фонунда өтүүдө.
Булак: NazarNews.kg