www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин күзгү аскерге чакыруу жарлыгына кол койду

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин күзгү аскерге чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтын расмий интернет-порталында жарыяланды.

«2022-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин Россия Федерациясынын 18 жаштан 27 жашка чейинки, запаста турбаган жана аскердик кызмат өтөөгө даяр жарандарын аскердик кызматка чакыруу ишке ашырылсын», - деп айтылат жарлыкта.

Күзгү чакыруу учурунда 120 миң адам кызматка алынат.

Ошол эле учурда кызмат мөөнөтү аяктагандарды кызматтан алуу 1-октябрда болот.

22-сентябрда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын уюштуруу жана мобилизациялык башкы башкармалыгынын өкүлү контр-адмирал Владимир Цимлянский дагы 120 миң аскерге чакырылгандардын санын атады.

«Бул былтыркы күзгө караганда аз, бирок атайын аскердик операция учурунда да бул сан мамлекеттин укук коргоо органдарынын муктаждыктарын толугу менен канааттандырат», - деп белгиледи ал.

21-сентябрда Путин орустарга кайрылуу жасап, анда жарым-жартылай мобилизация башталганын жарыялаган. Бул чара Орусияны, анын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн коргоо жана орус элинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жасалганын белгиледи. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 300 миң адам чакырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости