www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын негизделгенинин 73 жылдыгы менен куттуктады.
«Кытайдын социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана башка көптөгөн тармактарда жетишкен ийгиликтери жалпыга таанылган. Сиздин өлкө дүйнөлүк аренада татыктуу кадыр-баркка ээ, аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү конструктивдүү ролду ойноп жатат», — деп айтылат Кремлдин сайтында жарыяланган телеграммада.
Путин Москва менен Пекиндин ортосундагы мамилелер ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүү духунда динамикалуу өнүгүп жатканын, эл аралык оор кырдаалга карабастан, Орусия менен Кытай заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу менен түрдүү чөйрөлөрдө ийгиликтүү кызматташып жатканын белгиледи.
«Сизге чын дилимден чың ден-соолук, бакубатчылык жана, албетте, ККПнын алдыдагы 20-съездин өткөрүүдө ийгиликтерди, ал эми бардык кытай жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп жыйынтыктады орус лидери.
Эске салсак, 16-сентябрда Владимир Путин менен Си Цзиньпин Самаркандда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында жолугуп, анын жүрүшүндө өзгөчө улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү талкуулашты.
Булак: NazarNews.kg