www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Министрлер кабинетинин башчысы Кытай Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, өз ара сыйлашуу, ишеним жана коңшулаштык принциптеринде өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин кытай тараптын эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине көңүл бурушту.

Тараптар ошондой эле Астана шаарында өткөн "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунда маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Последние новости