www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 28-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Республикалык учкучсуз системалар борборунун (РУСБ) расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул борбордун түзүлүшү өлкөдө жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүдө жана инженердик билим берүүнү жаңы деңгээлге чыгарууда маанилүү кадам болуп саналат.
Ачылыш аземине мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, тармактык мекемелер жана өнөктөш уюмдар катышты.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев өз сөзүндө борбордун маанисине өзгөчө токтолду:
«Республикалык учкучсуз системалар борбору — бул жөн гана жаңы түзүм эмес, билим берүү, илим жана өндүрүштү бириктирген комплекстүү технологиялык платформа. Университетте долбоорлоодон жана прототиптөөдөн тартып, сыноо жана практикалык колдонууга чейин толук цикл камтылган инженердик борбор түзүлүүдө».
Иш-чаранын алкагында борбордун заманбап лабораториялары, окуу аудиториялары, эксперименталдык өндүрүш элементтери жана ата мекендик учкучсуз авиациялык жана жер үстүндөгү системалардын үлгүлөрү тааныштырылды.
Борбордун негизги багыты — айыл чарба, энергетика, геология, логистика жана өзгөчө кырдаалдар тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Алардын катарына инженерлер, конструкторлор, программисттер жана ар түрдүү категориядагы операторлор кирет.
РУСБнын ишинде илим менен өндүрүштүн интеграциясына өзгөчө көңүл бурулат. Борбор илимий изилдөөлөрдөн тартып, колдонмо чечимдерди ишке ашырууга жана технологияларды жайылтууга чейин бирдиктүү аянтча болуп кызмат кылат.