www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанындагы коомдук дааратканада төрөгөн 35 жаштагы аял учурда эки баласы менен үйүндө.

Үй-бүлө Ноокен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык коштоосуна алынды.

Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Сатаровдун маалыматына караганда, аялдын жолдошу 2025-жылдын аягында оорудан улам каза болгон.

Алардын 2019-жылы төрөлгөн кызы учурда 2-класста окуйт, ал эми 2021-жылы төрөлгөн баласы бала бакчага барат.

Аял жолдошу каза болгондон кийин башка эркек менен ижарага алынган батирде чогуу жашап жүргөн. Кош бойлуу экенин билгенден кийин ал эркек аялды таштап кеткен.

Адистердин маалыматына ылайык, аял төрөт күтүүсүз болуп, коомдук дааратканада төрөп калганын билдирген. Жаңы төрөлгөн ымыркай ооруканага жеткирилген, бирок кийин чарчап калган.

Учурда адистер үй-бүлө менен сүйлөшүү жүргүзүп, социалдык жардам көрсөтүү үчүн көзөмөлгө алышкан. Зарыл болгон учурда аялдын эжеси Майлуу-Суу шаарынан келип, балдарды кароого даяр экени айтылды.

Ноокен районунда балдар үчүн реабилитациялык борбор жок. Зарылчылык жаралса, балдарды Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борборго жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Маалыматка караганда, үй-бүлө буга чейин социалдык каттоодо турган эмес. Аял ишканада техникалык кызматкер болуп иштеген.

Ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кызматкерлери үй-бүлөдөн кабар алышкан.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости