www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 130 айылда таза ичүүчү суу жана заманбап санитардык кызматтарды камсыздоо боюнча программа ишке ашырылууда.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын биринчи фазасынын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.
Долбоордун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системалары курула турган аймактарда жергиликтүү бийлик органдары жана муниципалдык ишканалар менен биргеликте даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтө турган адистештирилген райондук муниципалдык ишканалар 8 райондо түзүлүүдө.
Айылдарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, муниципалдык ишканалар жана социалдык мекемелердин катышуусунда маалыматтык жолугушуулар өтүп жатат.
Тургундарга жаңы системалардын курулушу, долбоордун мөөнөттөрү, үйлөрдү суу түйүнүнө туташтыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маалымат берилүүдө.
Мындан тышкары, учурдагы суу менен камсыздоо системалары техникалык жактан текшерилип, объекттердин абалы жана кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын туруктуу иштөөсүнө байланышкан маселелер каралууда.