www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районунун прокуратурасы жер мунапысы боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2023-жылы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн жалпы аянты 0,7 гектар болгон жайыт жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.