www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан окуя боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 22 кызматкер жазага тартылды.
Тактап айтканда:
- Нарын ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги А.Жумабеков ээлеген кызматынан бошотулду;
- Нарын ОИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБдин жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Р.Мурзакматовго, Нарын ОИИБдин жетекчисинин кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБдин Штаб башчысы, милициянын полковниги А.Токтосуновго катуу сөгүш берилди;
- Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Үсөналиев ээлеген кызматынан бошотулду; - ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги О.Акпаровго сөгүш берилди.
- ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси, милициянын майору А.Билдебаев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Э.Токтосун уулу, ыкчам кызматкер, милициянын капитаны Б.Асанов, ыкчам кызматкер, милициянын капитаны А.Маратбек уулу ээлеген кызматтарынан бошотулду;
- Нарын ОИИБдин Ички иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын майору У.Омоков ээлеген кызматынан бошотулду;
- Кочкор РИИБдин башчысы А.Абыкеевдин жоопкерчилиги, мындан аркы кызматы соттук териштирүүнүн жыйынтыгында каралат;
- Кочкор РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Б.Эрменовго катуу сөгүш берилди;
- Кочкор РИИБдин жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткарып жаткан, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы М.Алиевдин жоопкерчилиги жана мындан аркы кызматы соттук териштирүүнүн жыйынтыгында каралат;
- Кочкор РИИБдин жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткарып жаткан, коомдук коопсуздук бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын подполковниги К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБдин жетекчисинин кадрлар боюнча орун басары, милициянын подполковниги Н.Садыровго катуу сөгүш берилди;
- Кочкор РИИБге караштуу милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны А.Абдыкеев, Кочкор РИИБдин тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Капаров, Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынан биротоло бошотулду;
- Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты З.Кожокматов, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы, милициянын улук прапорщиги Ч.Иманалиев ээлеген кызматан бошотулду.
Жалпысынан 22 кызматкер жазага тартылды, алардын ичинен 9 кызматкер жумуштан бошотулса, 3 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан биротоло чыгарылды.
Жакында ушуга окшогон дагы бир катар жоопко тартуу процесстери жүрөт.
Булак: NazarNews.kg