www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд облусунун Ургут районунда өзүнүн кичинекей баласын сабап жатканын видеого тартып, аны Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүнө жөнөткөн аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда жинденген аялдын кичинекей баласын ырайымсыздык менен сабап жатканы тартылган видеотасма тараган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, видео 24-декабрда тартылган. Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү менен урушуп кеткен аял аны жолдошуна жөнөтүп, "балдарыңды өлтүрөм" деп коркуткан.

Аялга каршы "Өлтүрүү, зомбулук көрсөтүү менен коркутуу" жана "Кыйноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Сабалган бала учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости