www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта күндөн күнгө сот органдарына жана бийликке нааразычылыктар күчөп жатат. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылды.
Депутат Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган адамдардын ишине тотолду.
"Өзүңүз мурда жактоочу болгонсуз. Көптөгөн мыйзамсыз окуяларды көргөнсүз. Убагында азыркы президент Садыр Жапаровдун укугун коргогонсуз. Азыр сиз жактоочу болуп жүргөн убакыттан дагы кеминде беш эсе мыйзамсыз иштер болуп жатат. Бүгүнкү сотто активист Перизат Суранованы апасы менен көрүштүрбөй алып кетиптир. Мыйзам ошондой болсун, бирок, адамгерчилик болушу керек да. Гумандуулук кылып, эскертүү берип, бул ишти өзүңүз көзөмөлгө алышыңарды өтүнөм. Бийликке болгон нааразычылыктын бири сотко болгон ишенбөөчүлүк болууда”, — деди Жанарбек Акаев.
Депутаттын айтымында жөн гана жоктон бар кылып, иштин токулганы туура эмес.
"Жаш кыздарды Москвадан бери алып келип (Орозайым Нарматова — ред.) камашты. Алардын ачкачылык жарыялаганы, кудай сактасын, эгер кырсык болуп кетсе, президентке жана азыркы бийликке жабылган чоң көө болуп калат. Бизге көп кайрылуулар келип жатат. Эл арасында ушинтин нааразычылыктар жаралат. Азыр ошол процесс кетти. Ошон үчүн бул маселе сиздин колуңузда. Мыйзамдуулукту орнотуп, ушул маселени өзүңүз карап, жарандар чыгышы керек деген ойдомун. Жок дегенде үй камагына чыгарыш керек деп эсептейм”, — деди депутат.
Ал эми Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот реформасын жүргүзүү аракети учурунда сын-пикир, сунуштар эске алынарын айтты.
“Учурда алардын күнөөсү барбы же жокпу биз айта албайбыз. Аны тергөө органдары жана прокуратура далилдеш керек. Жогорку сотко келгенден кийин дагы карайбыз”, — деди Базарбеков.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.
ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.
Бишкектин Биринчи май райондук соту башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан.
Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg