www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында Лейлек районуна барган эмес. Буга байланыштуу аталган райондун тургундары нааразы болушууда. Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Лейлектин тургундары президентти күтүп, учурашкысы келген».

«Лейлек жеке эле меники эмес, жалпыбыздыкы, эмнеге президент келген жок? – деп нааразы болду ал.

Президенттин өкүлү Алмасбек Абытов мамлекет башчынын өзүнүн программасы бар деп жооп берди.

Талиева Министрлер Кабинетине да катуу сын айтып, жакында “далил менен” коррупциялык схеманы жарыялай турганын айтты.

«Бул коррупция, цифралар жок, баарын кийинчерээк жарыялайм, бизде маалымат бар, республикалык штаб араң иштеп жатат. Башка өлкөлөрдө бир айыл 45 күндө курулат, бул жерде эки айда эки эле үй курулду.

Кадр маселесин бир туугандар, кудалар эмес, президент чечиши керек», - деди ал ачууланып.

Талиеванын кесиптеши Бахреддин Шабазов аны колдоп, жабыркаган баткендиктерге үй салып жаткан компания өз милдеттерин аткарбай жатканын билдирди.

"Баарын иштен алгыла. Коррупционерлердин баарын кетиргиле. 104 чарчы метрди бүтүрө албаган эмне деген куруучулар? Силердин ишиңерге көлөкө түшүп калат", - деп депутат Шабазов Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетыбаевге кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости