www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Санкт-Петербург шаарында бейрасмий жолугушууга чогулган мамлекет башчыларына баалуу металлдан жасалган шакек даярдалган.

Санкт-Петербургда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу уюштурулган. Иш-чарага катышып жаткан өлкө лидерлерине Жаңы жыл майрамына карата шакек даярдалганы белгилүү болду.

Алгач «Россия. С новым годом. 2023» деген жазуусу бар шакек Беларустун президенти Александр Лукашенконун колунан байкалган. Андан соң, Беларусь президентинин басма сөз кызматы шакектин сүрөтүн жарыялады. Ошондой эле, шакекте КМШ уюмунун логотиби бар.

Бейрасмий жолугушууга Россиянын президенти Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

Последние новости