www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кодуранова кызматтан куулабы?

Парламенттин КСДП фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу маселеси каралышы мүмкүн экени айтылып жатат. Депутат Ирина Карамушкина фракция саат 14:00дө чогуларын айтып, бирок "күн тартибине эмне маселе коюларын билбейм" деди. Ал эми Абдывахап Нурбаев Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдирди.

КСДП фракциясынын депутат Асел Кодуранова бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан. Ал 13-декабрь күнү экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени айтылган болчу. Бул маалыматтарды такташ үчүн өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок деп билдирет Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости