www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Ташта спецназдарды барымтага алган учурда аралашкандарга издөө жарыяланды, арасында Ашым Эстебесов дагы бар.

Кой-Ташта укук коргоо органдарынын кызматкерлери барымтага алып, катуу сабалган. Атамбаев тарабынан атылган октон бир адам каза болуп, сабалган кызматкерлер оор абалда ооруканага түшкөн. Ошол учурда уюштуруп, ур токмокко алган жарандар издөөгө алынды.

Видеолордун биринде Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик имараттар департаменттин мурунку директору Ашым Эстебесов дагы болгон. Ал, видеодо байкалгандай барымтага алынгандарды кыйнап, кол көтөрүп, мажбурлап сүйлөтүп жатканын байкоого болот. Тийешелүү органдар бул адамды дагы эске алуусу керек.

Эске сала кетсек, 7-8-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости