www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков «Азаттыкка» берген маалымат боюнча башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөн Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат.

- Ахыбалы туруктуу оор. Аппараттын жардамы менен дем алдырууда. Баш сөөгүнө операция жасалган, - деди Бакытбек Исаков.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин жабыркагандардын саны 98 адамга жеткен.

Учурда ооруканада жаткандардын саны 20 адам, алардын 13ү Травматология жана ортопедия борборунда, үчөө Чүй облустук ооруканасында, төртөө Улуттук госпиталда, деп жазды "Азаттык".

Последние новости