www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды карай Шереметьево аэропортунан «Аэрофлот» компаниясынын учагы  менен жолго чыккан Бабанов Бишкекке учуп келди. Ал келери менен үйүнө бара тургандыгын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштерине бара турганын билдирди. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү кабарлап, кыргыз элине Кайрылуу жасаган. 

Буга чейин дагы Бабанов түйүнчөгүн түйүп, Кыргызстанга жөнөп, кайра артка кайткан. Ал, 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Бабановго эки кылмыш иши козголгондугун УКМК ырастады. Баса, социалдык тармакта Бабанов бата алып жолго аттанган тасма тарады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости