www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн кызматкери каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ага ок тийген.

"Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды", - деген Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үй тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн жаралаганын кабарлады.

Андан тышкары, дагы 25 адам ооруканага жатты. Аларга желим ок тийген жана башка ар кандай жараат алышкан.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштаган. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү угулган. Атамбаевдин короосунда бир канча жери өрттөлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын билдирген, деп Азаттык жазып чыкты.

Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости