www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кой-Таштагы кагылышуудан улам ооруканага түшкөн жарандардын ал-абалынан кабар алды.

Алгач Улуттук Госпиталга андан соң №4 Бишкек шаардык оорукананын дарыгерлери учурда 4 адам дарыланууда, 1 адам реанимацияда. №4 ооруканага алгач 26 жаран кайрылганын, анын ичинен 6 жаран оор абалда жаткырылып, 1 кайтыш болгонун, 13 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөнүн айтышты. Бул тууралуу маалыматты Элмира Мадиева билдирди. 

Ал эми улуттук госпиталдын дарыгерлери, "Кой-Таштын ичинде жүргөн бейтаптар коркуп ооруканадан качып кетип атышты. Экинчи жолкудан алып келип аттык. Аларга качпагыла, силер дарыланууңар керек",-деп түшүндүрүп жатабыз. Бизге алардын кайсы жактан, эмне болуп келгени маанилүү эмес, алардын саламаттыгы маанилүү"-дешти.

Дарыгерлер ушинтип элдин саламаттыгы менен алек болушу керек! Ал эми Ак-Талаанын (ЦСМ) жаңы башкы врач болуп ишке кирген жаш жигит (1987 -жылы туулган) Райымберди Мамашерипов өзүнө ыңгайсыз кишини кетирип, ыңгайлуу кишини кантип жумушка алабыз- деген интрига менен алек... Бул боюнча сөз уланат...деп жазып чыкты өзүнүн социалдык тармагына Элмира Мадиева.

Эске сала кетсек кечээ, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин айтты.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости