www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Болоору болду, бойоосу канды" дегендей Атамбаев айтканын кылды. Жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан, элдин тынчтыгынан, адамдардын өмүрүнөн жогору койоорун иш жүзүндө далилдеди. Атамбаев жана анын жанындагы аз сандагы фанаттары чектен чыкты, адам өлтүрүштү, кооптуу кылмышкерге айланышты. Эми жоопко тарткандан башка жол жок, - деди Сабыр Муканбетов. 
--Укук коргоо органдары да өткөн күндөгү шалакылыгын оңдоп, Атамбаев менен анын жанындагы, ашынган тарапташтарын кармап, камакка алып, өлкөдөгү саясый туруктуулукту камсыз кылуулары керек. Атамбаев эми кылмышкер, киши өлтүргүч болуп калды, эми аны эл колдобойт. Элге тынчтык керек!-деп кошумчалады. 

Эске сала кетсек 7-8-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин айтты.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш иши козголуп, Кой-Таштагы аткаминерлер жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости