www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндүн жылып баратканы тезинен сезиле баштады. Биз бала кезде кышында түкүргөн түкүрүк жерге жетпей тоңуп калчу. Студент кезде аялдамада беш-он мүнөт автобус күткүчө ызгаардан кулак-мурун тоңуп, чыдабай ушалап турчубуз. Ушул доордун башында кара Кочкордон Чүйгө көчүп келдик, ноябрдын башында жааган кар аппак болуп мартка чейин мелтиреп турчу. Кочкордо кар жаабайт, жааса да тез эле эрип калат, ошол үчүн капкара болуп турат, эми Чүйдө да декабрь теңелип баратат, жааган кар ээрип капкара болуп турат. Кой тууй албай жаткансып, бир топтон бери табият кыйналып кар жаай албай туруп, кайрадан күн ачылып кетти. Эми кызыктын бары башталар, кар болсо жердин барын балчык кылбай жааганы дурус. Парламентте да температура көтөрүлүп жаңы өкмөт шайланар. Балким реформатор айыл чарба министри Бекболот Талгарбековду өкмөт мүчөлөрү катарынан көрүп каларбыз?

The India Times интернет-басылмасынын эскерткенине караганда: келе жаткан кыш акыркы 100 жылдан берки эң катаал жана узак жыл болушу мүмкүн.  Быйылкы суук бир гана Кыргызстанда катаал болбойт, бардык жер жүзүндө оор болот деген алдын ала айтуулар болгон. Ал эми Кыргызстанда жаздын күнүндөй, кар жок. Прогнозду алдын-ала билишкен соң, европалыктар болсо кышка даярдана баштады. Окумуштуулардын айтуусунда, ушул кыш бүткөн соң климаттык шарттардын эсебин кайрадан эсептей баштайбыз.  Суук декабрдын аягында  түшүп, дянварда абдан күчөп, өтө катуу сууктар башталат дешет. Эч качан кар жаабаган жерлерде да кар жаай баштайт. Европа мындай кышты көптөн бери көргөн эмес. Белгилүү европалык  метеоролог Джеймс Мэдден Европанын жашоочулары үчүн жылуу күндөр менен мемиреп жыргалга батуу аз эле калды деп билдирет. Жакында билинбей туруп суук өз кучагына ала баштайт. Адистин айтуусунда жылуу кийим-кечелерди камдап жана үйлөрдү жылууланууну колго ала башташ керек. Биздин синоптиктер европалык кесиптештерин айткандарына миң мертебе кошулат. Андан тышкары кыш бир гана өтө суук болбостон, узакка созулуп кетиши күтүлөт. Бул Тынч океанда суунун градусу бир градустан ашык жылып кеткенине байланыштуу. Бул өтө олуттуу өзгөрүүлөр эмес дегендерге кеңеш, чындыгында мындай жылууланып кетүү Европанын үстүнө муздак арктикалык аба массасын айдап келиши мүмкүн.  Демек, кыш ноябрда башталып апрелге чейин кармалып турат. Азыркы суук өтө сууктун белгиси эместей көрүнөт. Сиз мындай катуу суукка кандай камылга көрүп жатасыз? Кыш башталды суук болмок түгүл кар да жок.

Күн жылыгандан жылып алааматтар башталганы турат. Климаттын өзгөрүшү аба-ырайына чоң таасир этип жатат, кыш быйыл жылуу болбой өзгөрүп суукка айлана турганы тууралуу жана жакынкы он жылда кайсы алты шаар океандын алдына толук калары тууралуу маалыматтар The India Times интернет-басылмасында жарыя кылынды, «NazarNews.kg» ушундан которуп жарыялоону чечтик. Океандын жээгинде жайгашкан Нидерландыдагы эң чоң шаар Амстердам эң биринчилерден болуп суу алдында калары бул бештен белгилүү. Анткени ал шаар деңиз деңгээлинен ылдый жайланып азыр да дамбалар аркылуу тосулуп турат. Экинчи орунда Шатт-эль-Араб дарыясындын жээгинде жайгашкан Ирактын Басра шаары, бул шаар саздак жерлер менен курчалган.  АКШнын Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаары дамбалар менен курчалганына карабастан суу алдына калат. Италиядагы Венеция жыл сайын 2 мм төмөндөп баратат бул төртүнчү орунда чөгөт. Андан соң Вьетнамдын түштүгүндө жайгашкан Хошимин шаары. Алтыняы суу алдында кала турган шаар индиянын Калькутта шаары.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости