www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган № A/RES/77/172 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы менен менен жарыяланган 2023-2027-жылдары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык: 

1.    Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгили Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды.
2.    Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. 
3.    Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. 
4.    Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости