www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын тургуну турмушка чыгуу сунушу боюнча ийгиликсиз тажрыйбасы менен бөлүштү, анын жүрүшүндө ал жигитинин бетин катуу күйгүзүп алганын айткан. Бул тууралуу Distractify басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Элис жигити менен сүйлөшүп жүргөнүнө 8 ай болгон. Бир күнү Элистин эжеси сейил бакка чакырып, кеч күз болгондуктан алар үшүп калбоо үчүн ысык шоколад сатып алышкан. 

Сейил бакка жеткенде эжеси сиңдисин видеого тарта баштаган. Элис камераны карап, артты көздөй баса баштаганда бактардын арасында жашынган жигитти көргөн. Ал коркуп кетип дароо ысык шоколадды анын бетине чачып, качып жөнөгөн. Элис эжесинин окуя болгон жерде калып калганын көрүп артка барган. Ал жерде күйүк алып кыйкырган жана ыйлап жаткан эжесин көрөт. Бир нече убакыттан кийин жабырлануучунун бут кийиминен ал жигити экенин билген. Кийин жигиттин романтикалуу түрдө үйлөнүү сунушун жасагысы келгени жана эжесинен жардам сураганы маалым болгон. 

Жыйынтыгында Элис жигитин ооруканага алып барып, ал жерден анын терисин алмаштырууга муктаж экени билинген. Кыз жигиттин сунушуна "жок" деп жооп берген. Жигит айыгып кеткенден көп өтпөй алар мамилесин токтотушкан.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости