www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын орун басары Тынчтык Шайназаров деген бар. Пайда чыккан жерге жантыгынан жата калат. Кызарган жерди көрсө чокумайын өтпөйт. Мындай адатын жакында эле чоң муштумдугунун кесепетинен мандатынан ажырап, анан кайра депутат болот элем деген Жаныбек Абировдун абийирсиз аракетин колдоп, сүрөп жаналекетке түшкөн жоругу аркылуу далилдеп койгон.

Сыягы, Абиров калың убада берип, же алаканын жакшылап ысыткан көрүнөт. Албетте, анысын "жуучу жеңе" болуп жанында жүргөн Бакыт Сыдыков эле билбесе, Шайназаровдон кеп чыкпасы белгилүү эмеспи. Айтор, үчөө ресторандан түштөнүп чыккан соң Шайназаров Абировду талапкер кылып каттоого катуу далалат жасаган. Бирок БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү ага жол беришкен жок. Ошондон соң Тынчтык мырзанын ичи ачышып калган өңдөнөт, кесиптештерине кыялын көрсөтүп, тескери айланып калганы айтылууда. Мындан улам, андагы тилеги ишке ашпай калган Шайназаров боюнча бирге иштешкен коллегалары "эми Ленин районунан талапкер болуп депутаттыкка ат салышкандардын кимисине мандат убадалап ресторанда түштөнүп шынаарлайт болду экен" дешип шакаба чегип жүрүшчү..

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Италияда өткөн престиждүү “Ironman” жарышына катышып, “темир адам” статусун алды.

"Ironman" мелдеши сентябрь айынын ортосунда Италиянын аймактарынын бири Эмилия-Романья шаарында өткөн. Жарыш Романья суусунда өтүп, анда спортчулар 3,85 чакырымды сүзүштү. Андан соң алар 180 чакырымды велосипед менен сүзүп, 42 чакырымга чуркашты.

Дистанциянын жалпы узундугу 225 километрди түздү. Жаныбек Абиров бул аралыкты 11 саат 49 мүнөт 43 секундда ийгиликтүү басып өтүп, “Ironman” медалы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, бир ай мурун Жаныбек Абировду Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары каттоодон баш тарткан. Мындан кийин саясатчы БШК мүчөлөрүнүн чечимин сыйлаарын жана сотко эч кандай доо арыз менен кайрылбай турганын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости