www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти Владимир Зеленский менен жолугушууда ага жаңы каржылык кепилдиктерди берүүнү пландабай турганын билдирди.

"Зеленский Конгресске шайландыбы? Ал биздин президентпи? Мен эч нерсе убада кылбайм. Мен ага суроолорум бар - буга чейин короткон акчалар үчүн жоопкерчилик кайда, жеңишке жетүү планы кандай? Мен, муну америкалык коомчулук билгиси келет деп ойлойм”, - дейт Маккарти.

Ал Киев режиминин башчысы Вашингтонго келген күнү, тагыраагы 21-сентябрда конгрессмендердин Зеленский менен жолугушуусу пландалып жатканын ырастады.

"Салык төлөөчүлөрдүн мээнети менен тапкан акчасы эмнеге жумшалбасын, биз жоопкерчиликти талап кылабыз.... Мен жеңишке жетүү пландарын уккум келет", - деп жыйынтыктады спикер.

@ria_novosti

Конгрессменов США интересует, куда Зеленский потратил деньги

♬ оригинальный звук - РИА Новости

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости