www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колумбиянын борбор шаары Боготада «Палестина топурак күнүнүн» 41 – жылында эскерүү иш чаралар өткөрүлдү. Палестинанын Богото элчилиги тарабынан Чико музейинде өткөрүлгөн программага колумбиялыктар жана бул өлкөдө жашаган палестиналыктар абдан чоң кызыгуу көрсөттү.

Коноктор Израилдин Палестинадагы басып алуу жана кысым саясаттарынан сөз кылган маалыматтар таркатылды. Палестина тамактары менен буюмдарынан үлгүлөр сунушталган иш чарада конокторго музыка уктурулуп, бий көрсөтүлдү.

Палестинанын Богота элчиси Рауф Малки иш чарада сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн улутчулдук, зулум, жек көрүү жана басып алууга каршы биригүүсү керектигин айтты. Колумбия калкынын Палестина доосуна карата колдоосуна көңүлдөрдү бурган Малки өлкөсүнүн бул колдоолор менен бир күн тынчтыкка жетишерине ишенгендигин айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости