www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колумбияда болгон жер титирөөдөн кеминде 132 адам каза болуп, дагы 570 адам жаракат алды. Бул тууралуу CNN Колумбиянын аймактык борборлор ассоциациясынын маалыматына таянуу менен билдирди.
Ассоциациянын маалыматына ылайык, Перейра шаарында эле 60 адам каза болгон. Өлкөнүн беш административдик борборунда кооптуулуктун «кызыл» деңгээли жарыяланып, жети аэропорттун иши убактылуу токтотулду.
Күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 10-августта эртең менен Чоко департаментинде катталган. Жер титирөөнүн силкинүүсү Колумбиянын борбордук жана түштүк-батыш аймактарында, ошондой эле Эквадор, Панама жана Венесуэлада сезилген.