www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында коомдук тартипти бузуп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан жарандар аныкталып, жоопкерчиликке тартылды.
Чүй ОИИББден билдиришкендей, 9-август күнү Петровка айылындагы Центральная көчөсүндө жайгашкан «РИМ» тойканасынын жанында мас абалындагы белгисиз жаран жолго чуркап чыгып, айдоочулар үчүн кооптуу кырдаал жараткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя тууралуу билдирген 2002-жылы туулган С.А. аттуу жаран балдары менен Бишкек шаарын көздөй бара жаткан учурда белгисиз эркек киши күтүүсүздөн жолго чуркап чыкканын айткан. Анын айтымында, унаасын токтоткондон кийин дагы бир нече адам тарабынан орой сөздөр айтылып, коркутуулар болгон.
Бул факты боюнча Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүп, окуяга тиешеси бар делген 2000-жылы туулган К.С. жана 1998-жылы туулган Н.К. аттуу жарандарды аныкташкан.
Аталган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлдү.