www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колунан эч нерсе келбейт деген жеңем апамдын оозун ачырды

Байкем шаардык кызга үйлөнөрүн айтканда атам менен апам каршы болду. Колунан эч нерсе келбейт дешти. Сүрөтүн көрсөттү. Көздөрү бакырайган, чачы сары, ак жумал кыз экен. Мына, шаардык. Атам менен апам дагы баш чайкашты. Акыры, байкем жарылды. “Эмне эле болуп жатасыңар! Мен аны сүйөм! Ага үйлөнөм, болбосо эч кимге үйлөнбөйм! Шаардыктар деле сонун оокат кылат. Элдин болбогон сөзүн сүйлөйсүңөр.” Ыйлап бөлмөсүнө кирип кетти. Атам ойлонуп отурду дагы, “мен макулмун” деп сыртка жөнөдү. Апам сандыгынан ак жоолугун алып чыгып күнгө жайды. Ошентип той күнү дагы белгиленди. Түнкүсүн саат экилерде келишти. Жол жабылып калыптыр. Жеңем уйкулуу көздөрү менен машинадан түштү. Мынча сулуу. Адамды өзүнө тартат экен. Апам каршы болуп жатканын унутуп, бетинен өөп жолугун салды. Жеңелерибиз май оозантты. Чачыла чачылды. Жаш балдар уктап калган. Мен жалгыз тердим. Эки чөнтөгүм толтура. Атам мени карап башын чайкап койду. Көшөгөнүн көркү ачылды. Жеңем чындап эле сулуу экен. Байкем ары-бери чуркап бир орунда тура албай жатты. “Шорпо ичесиңби”, “боорсок алып келип берейинби”, “үшүгөн жоксуңбу” ж.б. деп жеңемди айланат. Ал тек гана күлүп кутулат. Бүгүн атамдын туугандары келин көргөнү келмек. Эртең менен турсак боорсокко камыр жуурулуп, самоорго суу кайнап, эшиктер тазаланып калыптыр. Чоң үйдө дасторкон жайылып турат. Апам ким кылды деп башы катты. Карасак жеңем жүрөт. Колунан эч нерсе келбейт деген жеңем апамдын оозун ачырды.

- Апээй, кызым, сен кылдыңбы?

- Ооба, апа, уктай албай, таң эрте туруп алгам.

- Мына сага, азамат кызым. Самоорго чай кайнатканды кайдан билесиң?

- Ютубдан көрдүм.

- Аның эмне кокуй? - Интернет, апа (күлүп).

Конокторду сонун кылып тосту. Колунан эч нерсе келбейт деп жаткан атам менен апам унчукпай отурушту. Тамакты дагы кафелердей кылып жасаптыр. Баары мактап кетишти. Апам өзүнчө эле бой көтөрүп болбой калды. Атам байкеме “бизди укпай ырас үйлөнүпсүң, азамат уулум” деди. Жеңемди баарбыз жакшы көрүп калдык. Эртең байкем экөө шаарга кетет. Жумуштары ошол жакта. Эми сагынабыз го.

Булак: Bilesinbi.kg

Последние новости