www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бейөкмөт уюмдарга берилген акчалардын артында чоң мамлекеттин чоң саясаты турат», - деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине журналист Ырысбек Өмүрзаков.

- Ырысбек байке, Президент бейөкмөт уюмдарга тиешеси бар талаштуу мыйзамга кол койду. Эми сырттан келген каражатка отчёт бербейбиз, уюмда иштеген кызматкерлердин так санын айтпайбыз деп жарандык коом президентти сындашпайбы?      

- Президент «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу» мыйзам долбооруна кол койду. Бул мыйзам мезгил талабына ылайык мыйзам деп эсептейм. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген. Бул документке, мисалы, жарандык коом каршы.

- Эмне үчүн каршы? 

- Элестет, «Коммерциялык эмес уюм» 50000 доллар грант алды. Грант берүүчүүлөр, ал грантты кандай пайдаланганын отчётун талап кылат. НПОлор расходдорун кайдагы бир уюмдарга которуп, алардын кызматына мынча төлөдүк деп отчет беришет. Батыштык грант берөөчүлөргө фирменный благнктагы отчёт эле жарайт. Печать болсо, анда иштин бүткөнү.

Президент кол койгон мыйзам коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болуп саналат. Тагыраагы, мамлекет мекемеде канча адам иштейт, мекеменин бюджети канча эхкенин билсе жаманбы? Кызматкерлердин айлыктары канча, тиешелүү салыктар төлөнүп жатабы, же НПОнун жетекчисинин кекиртегине кетип жатабы? Көзөмөлдөсө эмнеге болбойт?

Коммерциялык эмес мекемелерде көп жыл иштеп, пенсияга чыкканда эки миң сомго жетпеген пенсияларды алып калган жарандарыбыз канча? Салыкка кетчү, кийин пенсияга кошулчу акчалардын баары НПОлордун жетекчилеринин кекиртектерине кетип жатпайбы. Айтмакчы, документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыкканы да жартылай чындык. Мыйзам иштелип баштаганда эле талаш-тартыштар көбөйүп, мыйзам кабыл алынган эмес. Жарандык коомдун кээ бир жетекчилери Сооронбай Шариповичтин бизнесмен-разборщик үкасысы менен сүйлөшүп алышкан экен, кысталак...

Сырттан келген каражатка отчёт бербейбиз, уюмда иштеген кызматкерлердин так санын айтпайбыз деп жарандык коом президентти сындап жатып калышпайбы дегениңизге токтолоюн.

Булар так маалымат бере албайт. Эмне үчүн дегенде, ар бир уюмдун беш-алты «дежур печаты» болсо керек. Алар аркылуу Батышка отчет беришет да, Кыргызстандагы отчеттор «по нулям» кете берет. Чынында алардын отчётун деле Америкага кереги деле жок. Берилген гранттар жокко чыгарылып, бирок жетекчилерине көрсөтмө берилет. Тагыраагы чоң акча бергендер аны жөн бербейт.

- Эмне үчүн?

- Бейөкмөт уюмдарга берилген акчалардын артында чоң мамлекеттин чоң саясаты турат. Коммерциялык эмес уюмдардын грант алгандардын көбүн Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгы ойлонтпойт. Ойлорунун баары эле – акча, акча жана акча. Орустар айткандай: «Ничего личного только бизнес». 

Бирок, эл деп иштеген коммерциялык эмес уюмдар да жок эмес. Мисалы мен «Сезим» кайрымдуулук фондусунун жана анын негиздөөчүсү жана директору Бүбүсара Рыскулова – эжени эл үчүн ак дилинен кызмат кылат деп айткым келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости