www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Тагыраагы, «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»; «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»; «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору.
Бул документ «Суусамыр – Талас – Тараз» автожолунун IV фазадагы 93 км бөлүгүн реконструкциялоо максатында Ислам өнүктүрүү банкынан, Сауд өнүктүрүү фондунан жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунан каржылык насыя алуу максатында каралууда.
Талкууда депутат Азамат Исраилов аймактардагы ички жолдордун абалы боюнча маселени көтөрүп, Кара-Суу районунун Лангар айылындагы жол куруу иштеринин башталышын тактады. Депутат Кундузбек Сулайманов Токтогул районундагы Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолун реконструкциялоо жумуштары пландан кечигип жатканы айтып, нааразычылыгын билдирди. Депутат Улукбек Ормонов насыянын пайыздык чендеринин жогорулугун тактап, жол курууда сапатка көңүл бурууга чакырды. Маданият-Жалал-Абад унаа жолун реконструкциялоо жумуштарындагы сапатсыз курулуштар бонча айткан депутат Бактыбек Сыдыков, анын аякташы боюнча маселени тактады. Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков ири долбоорлорго ата-мекендик компанияларды катыштыруу жагдайына токтолду
Булак: NazarNews.kg