www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жакынкы аралыкта кызматынан кетиши мүмкүн экен. Бул боюнча саясий чечим кабыл алынып калганы айтылууда. Негизи ушундай сценарий болоору Шакиев төрага болуп келгенде эле парламентте күбүр-шыбыр желдей жорткон болчу. Демек, Шакиевдин отставкага кетээри күтүлүп жаткан окуя десек жарашат.
Себеп дегенде, "Мавр өз ишин аткарды, эми кызматтан кетүүгө тийиш..." Анткени анын миссиясы Өзбекстанга кеткен Кемпир-Абад маселесин ратификациядан өткөрүп берүү экени ошол учурда сөз болгон. Бул боюнча белгилүү журналист Бекен Назаралиев ачык жазып чыккан. Мына эми ошол иш Шакиевдин төрагалыкты өткөрүп берүү менен жыйынтыкталганы турат.
Айткандай, Шакиев түйүнчөгүн түйүп кетсе, ордуна вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев келиши мүмкүн экени сөз болууда. Негизи, парламентте Нурлан Шакиев, Балбак Түлөбаевден кийинки эле орунда кошоматты катырып, сын айткандарды жемелеп, адыраңдап жатканында кеп бар болчу.
Булак: NazarNews.kg