www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын үч тургуну 2023-жылдын июль айынан бери чет өлкөнүн жаранына пластик эшик терезелерди жасатуу үчүн акча берип, бирок ушул күнгө чейин акчасын же товарын ала албай жүргөндүктөрүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Жогорудагы арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, жабырлануучуларга жалпысынан 104миң сомдук зыян келгендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, чет өлкөнүн 26 жаштагы Ю.А. аттуу тургуну Бүргөндү айылынан аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда
Булак: NazarNews.kg