www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен райондук соту милиция кызматкерин өлтүргөн жаранды 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу өкүмдө айтылат.
Айыпталуучунун мурда соттолгондугу такталды. Каза болгон адам облустук коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болгон.
"Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу милиция кызматкерин чакырып, аны менен жолугушууну суранган. Ал унаанын алдыңкы орундугуна отуруп, укук коргоо органынын кызматкери менен уруша кетип, андан соң М.А.Ж.нын жүрөгүнө бычак сайып, жабырлануучу реанимацияда каза болгон. Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Тергөө учурунда маркум айыпталуучунун тайкеси экени, окуя болгонго чейин экөөнүн мамилеси жакшы болгонун айткан. Окуя болгон күнү айыпталуучунун айтымында, алардын ортосунда мурда соттолгондугуна байланыштуу, ошондой эле бир тууганы С.Н.И.нын өлүмү боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин чыр чыккан. Айыпталуучу таякесин атайын бычак менен урбаганын айтып, кылган кылмышына өкүнүп жатканын билдирген", - делет документтеги маалыматта.
Булак: NazarNews.kg