www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (БМУ) быйыл жай өзгөчө ысык болорун,  коронавирустун жайылышы менен кишилердин ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.

Маалыматка караганда, аптапта  кондиционерден чыккан аба, коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет.

26-майда, БМУнун расмий өкүлү Клэр Нуллис Женевада өткөн маалымат жыйынында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын билдиришинче, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык тобокелчиликтерди күчөтөт.

Май айынын ортосунда БМУ 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости