www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-майда интернет желелерине "Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү 150 гектар жерге казык кагып, өз алдынча басып алды" деп жарандын айтканын чагылдырган видео тараган.
Видеону тарткан автордунун "Кыргыз өлкөсүнүн 150 гектар жерин Өзбекстандын чек арачылары келип казык кагып, тосуп алышты. Алар казык каккан жер Кара-Дарыянын Ак-Мечит участкасында. Кошуна эл бизге тиешелүү жерди алып койду. Мамлекет эч кандай жардам кылган жок, бул жакта аскер кызматкерлери турат. Биздин айыл башчы Латып аке дагы биз менен чогуу. Өзбекстан эч кандай документи жок эле биздин жерди тосуп алышты. Биз тараптан эч кандай кадам болгон жок, аким дагы келбеди", - деп айтып, чек ара кайсы жерден бүткөнүн жанындагы адамдан сурап жатканын угууга болот.
Маалыматка ылайык, мурун аталган жерге жүгөрү, беде жана башка өсүмдүктөр, жер-жемиштер эгилчү. Кийин шалы эккенге уруксат берилип, азыркы тапта аталган жер аянтына жергиликтүүлөр шалы эгишмек.
Бул видео тарагандан кийин коомдун көңүлү Жалал-Абад облусуна бурулуп, социалдык тармактын колдонуучулары, жарандык активисттер уу-дуу кепке түшүп, айтылгандардын аныгын билүүнү талап кылып, билдирүүлөрдү жазып жатышат. Ал жазылгандардын ичинен көпчүлүгү өкмөттү жактагандар эмес, жектегендер.
Мындан улам жергиликтүү булактардын бири Сузак районуну акими Эрмек Омошевге маалыматтын чын-бышыгын сурап, ага кайрылган.
Маек төмөндө өзгөртүүсүз берилди:
- Социалдык тармакка тараган видеодон кабарыңыз болсо керек. Маалыматта айтылган 150 гектар жер кандай жер жана ал жер тилкеси аныгында кимге тиешелүү? Жер бизге таандык болсо, анда жергиликтүүлөр айткандай алар эмнеге уруксатсыз казык кагып киришет?
- Биздин райондун аймагындагы жердин 68 чакырымдай бөлүгү Өзбекстан менен чектешет. Азыркы тапта Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чечилбеген талаш жерибиз жок. Бардык чекиттер коюлуп, мамлекеттик деңгээлде чек ара аймактары макулдашылып, чечилген. Интернетке тараган видеодогу жер тилкеси боюнча айтсак жер участогу Көк-Арт дарыясынын боюндагы Кара-Дарыя айылынын эң ылдыйкы этегинде жайгашкан. Көк-Арт дарыясы аркылуу өтүүчү суунун көлөмүнө жараша бул жерди жылына суу жеп кетип турат. Акыркы жылдары сайдагы дарыянын суусу кескин азайды. Мурун суу 300 кубга чейин акса, азыркы тапта суунун көлөмү 150 кубга да жетпей калып жатат. Ошондуктан сайдын нугу Өзбекстан тарапка өтүп, дыйкандар эгин эгип жаткан жер сайдын берки бети болгон. Ошол жерде бир топ жылдан бери Кыргыз жарандары дыйканчылык кылып келет. Бирок алардын колдорунда жер аларга тиешелүү экенин укуктук жактан күбөлөндүрүүчү бир да документ жок. Аталган жер тилкеси чынында биздин элге тиешелүү үлүш жер эмес. Ал илгертеден такталган Өзбекстандын аймагы.
- Жер такталган Өзбекстанга тиешелүү деп жатасыз. Анда аларга тиешелүү экенин далилдеген документ кайсы жылга таандык?
- Анын кайсы жылы такталганын анык билбейм. Бирок бизге Кыргыз өлкөсүнүн өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен (Госкартография) атайын адистер келип, такталган чекиттерди көрсөтүп берген. Алар көрсөткөн беш чекиттин ичинен биздин дыйкандар быйыл да эгин эгип алган жерлер бар экени белгилүү болду. Бул илгертен бери келе жаткан карталардын негизинде такталган жер. Ошондуктан биздин элибиз айыл өкмөттөн да келишим түзбөстөн, жер тилкелерин бизге таандык деп, өз алдынча эгин эгип жүрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg