www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конфуцийдин жашоо принциптери

1. Тынымсыз алдыга карай умтулуу керек. “Дайыма алдыга карай умтулган соң сенин канчалык жай бара жатканың маанилүү эмес. Анткени кайсы бир убакта сен бара турган жериңе жетесиң”.

2. Дос – жашоодогу маанилүү адам. “Өзүңөрдөн (напсиңерден) артык көрүп сүйө албаган адамдарды досум деп айтпагыла. Чыныгы достук сүйгөнүңдү өзүңдөн артык көрүү менен гана болот”.

3. Жакшы нерселер кымбат турат. “Сүйүү кыйын, жек көрүү оңой. Куруу кыйын, бузуу оңой. Биздин дүйнө ушундай жаратылган. Бардык жакшы нерселерге жетүү канчалык кыйын болсо, жаман нерселерге жетүү ошончолук оңой”.

4. Шаймандарыңарды курчуткула. “Жашоодо ийгиликке жетүү эмгектенүүгө байланыштуу. Бир ишти кылардан мурун ал ишке керектүү шаймандарды жакшылап курчутуп, даярдап алуу керек”.

5. Таарынуу эч нерсеге татыбайт. “Сени таарынткан нерсени же адамды унутуп салган соң таарынуунун эч мааниси жок”.

6. Иштин аягы эмне менен бүтөөрүн дайыма ойлон. “Ачууланганыңда анын аягы менен бүтөрүн эч качан эстен чыгарба!”

7. Өзгөрүү киргизе бил. “Максатыңа жетериң күмөн болуп калганда максатыңды өзгөрткөндүн ордуна максатыңа алып барган жолго өзгөртүү киргиз”.

8. Ар кимден сабак алса болот. “Эгер мен эки адам менен жолдо бара жатсам, бул адамдар мага бир нерсе үйрөтүшү мүмкүн. Алардын кылган жакшы иштеринен өзүмө үлгү алып, ал эми кылган жаман иштеринен өзүмдү тыйып, алардан жакшы-жаманды үйрөнсөм болот.”

9. Же баары же эч бири. «Кайсыл багытка карап бассаң да (Эмне жумуш кылсаң да), ошол багытка жан дилиң менен бүт дитиңди коюп бас! (Ошол жумушту жан дилиң менен аткар!)»

10. Беш нерсенин кадырын беш нерседен мурда бил! Карылыктан мурда жаштыктын, Оорудан мурда дени сактыктын. Жакырчылыктан мурда барчылыктын, Бош эмес убакыттан мурда бекерчиликтин. Өлүмдѳн мурда жашоонун кадырын бил.

(Фейсбук баракчасынан алынды)

Последние новости