www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүүлөрдүн аргасыз кадамын Тилек Жумакадыров Фейсбукка жарыялады. Андагы видеодо байкалгандай Каракол шаарындагы “Алтын казык” конушунун тургундары кыштын чилдесинде арык чаап жүрүшөт. Бул сугат суу эмес, жарылган түтүктөн оргуп чыккан суу. Анын нугу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү жашаган тарапка бурулду. 

Мына ушинтип жергиликтүүлөр бийликке кайрылуунун жаңы ыкмасын тандап алышты. Анткени агып жаткан суу турак-жайларын каптап жатканын буга чейин шаар башчысына билдиришкен. Бирок ал маселени чечүүдөн баш тарткан. Ал эми Жумакадыров өз сөзүндө тиешелүү мамлекеттик органдар териштирүү иштерин жүргүзүшү керек экенин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости