www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги январь айында 1,3 миллиард сомдук баалуу кагаздарды чыгарат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 550 миллион сомдук мамлекеттик казыналык векселдерди (МКВ), 750 миллион сомдук мамлекеттик казыналык облигацияларды (МКО) чыгаруу пландалууда.

МКВнын алгачкы аукциону 9-январь күнү өткөн, бүгүнтөн тарта чыгарыла баштайт. МКОнун купондук чени 5 жана 7 пайызды түзөт. Жүгүртүү мөөнөтү — 3-7 жыл.

МКВ — өкмөттүн мамлекеттик кыска мөөнөттүү (3, 6, 12 ай) дисконттук баалуу кагаздары. Бир вексель 100 сомго барабар. Мындай баалуу кагаз документсиз формада чыгарылып, банктык эсептерде сакталат.

МКО — өкмөттүн пайыздык киреше (купондук) ала турган мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздары. Аны пайдалануу мөөнөтү бир жылдан жогору болот. Номиналдык наркы жана параметри чыгаруу учурунда Финансы министрлиги тарабынан аныкталат. Облигация документсиз жана документ түрүндө болот.

Баалуу кагаздардын эки түрү тең Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жума сайын сатылып турат. Аукционго коммерциялык банктар, институционалдык инвесторлор жана "Борбордук депозитарий" ЖАКсы катышууга укуктуу. Юридикалык жактар жана жеке адамдар да ээлик кыла алат.

Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости