www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республикалык партиянын 61 өкүлү АКШнын президенти Жо Байденге акыл-эси жайында экенин аныктаган тесттен өтүүнү талап кылган катка кол койгонун РИА Новости жазды.
"Биз сизди экинчи мөөнөткө шайланууга жасаган аракетиңизден баш тартууну же акыл-эсиңиз жайында экенин клиникалык жактан тастыктап, жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялооңузду талап кылабыз", — деп жазылган катта.
Республикачылар Байден мамлекет башчы болгондон бери мындай өтүнүч менен үч жолу кат жөнөткөнүн, бирок баары жоопсуз калганын белгилеген. Президент 2021-жылы жана 2023-жылы медициналык кароодон өткөн. Бирок аягында эмне болгону белгисиз.
80 жаштагы Байден учурда АКШ тарыхындагы эң улгайган президент. Ал кээде жосунсуз жоруктары менен коомчулукту таң калтырып турат.
Кийинки президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрь айына белгиленген. Апрелде Байден шайлоодо кайрадан ат салышарын айткан.
Булак: NazarNews.kg