www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз саясат айдыңында акыркы күндөрү кадр алмашуулар менен кошо, жаңы саясий оюнчулардын ат салышуусу күч алды. Бул ирет АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп иштеп келген Болотбек Борбиев кызматын тапшырып, саясат сахнасына бет алып жатканы коомчулукта кызыгуу жаратты. Эми аны Токтогулдуктар шайлайбы, чоң суроо?
Анда бол, мында бол, аш бышканда пайда бол демекчи, шайлоо дегенде жылуу коңулдан баш көтөрүп, чээнден чыга калган немени эл сүйүп турбаса керек? Америкада эмнени кыйратып жүрдү ким билсин, кумга сиңген суудай эле кызматка дайындалган кийин дымы чыккан эмес. Анан эле “мен бармын элим, добушуңду бере сал” дегенге кантип бети чыдайт болду экен?
Кыргыз коомчулугунун саясатчыларга болгон ишеними төмөндөп жаткан учурда, ачык-айкын позициясы жок, өткөнү бүдөмүк фигуралар шайлоодо оңой-олтоң өтүп кетпейт. Ошондуктан Борбиев үчүн бул шайлоо жөн гана депутаттыкка жетүү эмес, коомчулуктун ишеничин актай алаарын далилдөө мүмкүнчүлүгү. Ал эми эл үчүн, эч кимге белгисиз адамга добуш берип, кайра беш жыл арманда калбоо чечими.