www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте концерт уюштуруу шылтоосу менен жарандарды алдоого шектелген 2001-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалды.
Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-августта милицияга Э.Э. аттуу жаран кайрылып, И.А.га чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, шектүү 3-апрелде Карасаев көчөсүндө анын ишенимине кирип, чет өлкөлүк ырчылардын катышуусунда Бишкектеги аянтчалардын биринде концерт уюштурууга биргелешип инвестиция салууну сунуштаган.
Натыйжада алдоо жолу менен 20 миң долларды накталай алган. И.А. акчаны пайдасы менен кошо, жалпы 24 миң доллар өлчөмүндө 22-майга чейин кайтарып берүүгө убада берген. Бирок милдеттенмесин аткарбай, концерт өткөрүлгөн эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Милиция шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, аны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Ошондой эле милицияга И.А.нын ушул сыяктуу аракеттеринен жабыркаган башка жарандар да кайрылышкан.
Учурда келтирилген материалдык зыяндын жалпы көлөмү такталууда.
Тергөөнүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Милиция шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалыматы бар же андан жабыр тарткан жарандарды ички иштер органдарына арыз менен кайрылууга чакырды.