www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ош юстиция башкармалыгынын начальниги, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Уларбек Абдыкадырович Жунусовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын билдирди.

Уларбек Жунусов 1981-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин бакалавр даражасы менен аяктап, 2003-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча магистр даражасын алган.

Ал эмгек жолун 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда консультант болуп баштаган. Кийин Конституциялык сотто, прокуратура органдарында, Мамлекеттик салык кызматында, Жогорку Кеңеште жана Сот департаментинин тутумунда ар түрдүү кызматтарда эмгектенген.

Уларбек Жунусов юстиция органдарында да көп жыл кызмат өтөп, Ош шаардык юстиция башкармалыгында жардамчыдан начальниктин орун басарына чейин жеткен. 2021-жылдын декабрь айынан тартып Ош юстиция башкармалыгын жетектеп келген.

Кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери жана юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Юстиция министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүштү.

Последние новости